Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

"Башка Орусия " партиясы жоюлду


"Башка Орусияны" колдогон активисттер буга чейин бир катар чуулгандуу акцияларды уюштурушкан.
"Башка Орусияны" колдогон активисттер буга чейин бир катар чуулгандуу акцияларды уюштурушкан.

Орусияда каттоодон өтпөгөн "Башка Орусия" партиясы өзүн өзү жойду. Бул тууралуу маалымат аталган партиянын расмий сайтына жарыяланды.

"Башка Орусиянын" Москва шаардык бөлүмүнүн башчысы Ольга Шалина "Интерфакс" агенттигине анын ордуна аталышында Эдуард Лимоновдун ысымы бар жаңы партия түзүлөрүн билдирди. Ага ылайык эми "Э. В. Лимоновдун башка Орусиясы" деп аталган жаңы партияны каттоодон өткөрүүгө аракет кылышат жана партияны негиздөө боюнча курултай бир жылдан кийин өткөрүлөт.

"Башка Орусияны" саясатчы жана жазуучу Эдуард Лимонов 2010-жылы негиздеген. Андан бир канча жыл мурун анын "Улуттук-большевисттик партиясына" (НБП) тыюу салынган. 2000-жылдардын башында НБП радикалдуу саясий күч катары таанылган жана анын мүчөлөрү бийликти да, либералдык көз карашы бар оппозицияны да кескин сындап келген.

"Башка Орусияны" колдогон активисттер бир катар чуулгандуу акцияларды уюштурушкан. Ошондой эле Балтика өлкөлөрүндө жана Крымда орусиячыл маанайдагы иш-чараларды өткөрүшкөн.

Юстиция министрлиги "Башка Орусияны" каттоодон бир канча жолу баш тарткан жана анын мүчөлөрүнө айып салынган, айрымдары камакка да алынган.

Эдуард Лимонов 77 жаш курагында быйыл март айында каза болгон.

XS
SM
MD
LG