Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:19

Алматыда орусиячыл блогер Ермек Тайчибеков камалды


Ермек Тайчибеков.
Ермек Тайчибеков.

Казакстанда Алматы шаардык тергөө соту блогер Ермек Тайчибековду эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарды. "Азаттыктын" казак кызматы ага "улут аралык кастыкты козутуу" боюнча айып тагылганын, буга Орусиядагы "Россия сегодня" мамлекеттик холдингине кирген "Украина.ру" басылмасына берген комментарийи негиз болгонун жазды.

Блогердин адвокаты Галым Нурпеисовдун билдиришинче, сот жараяны жашыруун өткөн жана Тайчибековдун каршы болгонуна карабай ага мамлекеттик адвокат берилген.

Ермек Тайчибеков орусиячыл көз карашы, пикири менен таанымал. Мындан беш жыл мурун социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн төрт жылга эркинен ажыратылган. Анда күнөөсүн мойнуна алган эмес жана бул иштин саясий өңүтү бар экенин айтып чыккан.

42 жаштагы блогер 23-сентябрда камалган жана бир тууган агасына буга "Украина.ру" басылмасына берген комментарийи себеп болушу мүмкүн экенин айткан. Аталган басылманын "Youtube" каналында май айында жайгаштырылган видеодон Тайчибеков орус империясынын кара-сары-ак түстүү желегинин тушунда туруп алып, Казакстан "русофобиялык маанайдагы" саясат жүргүзүп жатат деген мазмундагы оюн айтканын көрүүгө болот.

Эгер Тайчибеков сотто күнөөлүү деп табылса, жети жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG