Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

COVID-19: Лондондо карантин чараларына каршы акция өттү


Лондондогу айрым жарандар карантин чараларын кайталап киргизүүгө каршы.
Лондондогу айрым жарандар карантин чараларын кайталап киргизүүгө каршы.

Лондондун так ортосунда, Трафальгар аянтында ишембиде коронавирус пандемиясынан улам карантин чараларын кайталап киргизүүгө каршы жүздөгөн адамдар чогулду. Демонстранттардын көбү беткап тагынбай, эркиндиги чектелип жатканын айыпташты жана "Мен макулдук берген эмесмин" деген жазууларды көтөрүп турушту.

Шаар полициясы аларды социалдык аралыкты сактоого чакырды жана күч органдарына акарат келтирип, кол көтөрүүгө жол берилбесин эскертти.

Мындан бир апта мурун Лондондогу ушундай акцияда демонстранттар менен полиция кагылышкан жана ондогон адамдар камакка алынган.

Британияда соңку күндөрү коронавирус менен ооругандар көбөйүп жаткандыктан айрым катаал карантин чаралары кайрадан киргизилген.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, коронавируска кабылгандардын саны 32,5 миллион адамдан ашты. Илдеттен бир миллионго чукул бейтап көз жумду.

Ооругандардын санына карап АКШ, Индия, Бразилия, Орусия жана Колумбия сап башында турат.

XS
SM
MD
LG