Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:46

Клара Сооронкулова Райымбек Матраимов менен жолугушуусуна түшүндүрмө берди


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова 29-сентябрда «Фейсбуктагы» баракчасынан түз эфирге чыгып, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен жолукканы тууралуу кенен маалымат берди. Ал 28-сентябрда Коомдук телеканалдагы дебатта Матраимов менен былтыр кезиккенин айткан.

Клара Сооронкулова Райымбек Матраимов менен журналист Элнура Алканова аркылуу, интервью алуу тууралуу сүйлөшүү үчүн жолукканын, Матраимов маектешүүгө макулдугун берип, бирок кийин айнып кеткенин айтты. Сооронкулованын айтымында Матраимов шайлоого чогуу барууну сунуш кылган, бирок ал баш тарткан.

«Мен ага: «Сиз жөнүндө канча маалымат кетип жатат, «Азаттыктын» иликтөөсү болду. Ошол иликтөөдөн кийин шайлоого кантип чыгасыңар?» - десем: «Мен абдан тазамын», - деди. Кийин аягында: «Таза болсоңор элге ошону далилдеп бербейсизби?» - деген сөз менен ал жолугушуу бүткөн», - деди Сооронкулова.

Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова парламенттик шайлоого «Реформа» партиясын жетектеп баратат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG