Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

«Биримдик» партиясынын талапкери акча сунуш кылбаганын билдирүүдө


«Биримдик» саясий партиясынын талапкери Улан Бакасов «суу чыгарып алууга жардам беребиз деп, 300 миң сомго добуш сатып алууга аракет кылды» деген маанидеги видео боюнча жооп берди. Ал муну жалган жалаа, каралоо деп баалады. Талапкер билдирүүсүн бүгүн, 29-сентябрда жарыялап, бул боюнча тийиштүү органдарга кайрыларын маалымдаган.

Ушул эле күнү, Нарын районунун «Эмгек талаа» айылдык кеңешинин төрагасы Денисак Болот уулу өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына «Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасовдун балдары келип, айылга суу чыгарып берүү үчүн 700 миң сом сунушташканына күбө болгонун билдирген:

«Алар азыр 300 миң сом калтырып кетишерин, эгер шайлоо күнү 300 добуш чыгарып бере алсак, калганын беришерин, чыгарып бере албасак, эки миң сомдон чогултуп беришибиз керек болорун айтышты. Биз буга күбө болдук», деп айткан.

Добуш сатып алуу аракети боюнча айылдык кеңеш депутатынын видеокайрылуусуна Нарын облустук ички иштер башкармалыгы көңүл буруп, кайрылуу жасаган жарандын тек-жайын тактады. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдап, учурда ыкчам-тергөө тобу териштирүү иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады.

«Биримдик» партиясынын талапкери Улан Бакасов жергиликтүү тургундарга добушту бул партияга берүүнү макулдашканы тууралуу видеомаалымат буга чейин да Интернетте тарап, милиция ал ишти да териштире баштаган. Тасмада Нарындын Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы «Биримдик» партиясынын талапкери менен добушту ушул партияга берүү тууралуу макулдашканы боюнча сөз жүрөт. Бирок Улан Бакасов тасмадагы кепти четке кагып, айыл өкмөт башчысын сотко берген.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Чет-Нурадагы мыйзамсыз үгүт иши тууралуу маселени 28-сентябрдагы жыйынында карап, ишти кароону Башкы прокуратурага сунуш кылган.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова «Биримдиктин» талапкери Улан Бакасовго байланыштуу жаңы видеокайрылуу боюнча тартип коргоо органдарына тапшырма берилгенин, беш күндүн ичинде алар карап берген сунуштамасынын негизинде талапкердин иши Боршайкомдо караларын «Азаттыкка» билдирди.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда болот. Ага 16 саясий партия ат салышууда. (ZKo/MiK)

XS
SM
MD
LG