Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Ереван Түркияга таандык F-16 учагы армян учагын атып түшүргөнүн билдирүүдө


F-16 учагы.
F-16 учагы.

Армениянын Тышкы иштер министрлиги учкуч өлгөнүн айтты. Би-Би-Си Түркия бул маалыматты четке какканын жазды.

Шейшемби күнү Түркиянын президентинин жардамчысы Фахреттин Алтун Анкара Тоолуу Карабакты алыш үчүн Азербайжанга колдоо көрсөтүүгө толугу менен даяр экенин билдирген. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган «Армения Азербайжандын оккупациялап алган жерлеринен чыгып кетиши керек» деп айткан. Ошол эле маалда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ) боюнча Армения менен өнөктөш болгон Орусия Түркияга кайрылып, Бакуну ачык колдоодон карманууга жана маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө көмөктөшүүгө чакырууда.

Шейшембиде Азербайжандын Коргоо министрлиги Армения алардын Дашкенсан районун аткылаганын билдирди. Мекеме тараткан маалыматта «29-сентябрга караган түнү эки тарап чектешкен аймакта айыгышкан салгылашуу болду. Армян тарап 29-сентябрда саат 7.30да Варденис районунан Азербайжандын Дашкенсан районун артиллериядан аткылады», - деп айтылат. Ереван Бакунун мындай дооматын «карандай калп» деп жокко чыгарды. Армениянын Коргоо министрлиги «атышуу ар кандай ыргакта уланып жатканын» билдирди.

Азербайжан менен Армения чектешкен аймакта 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки өлкө тең аскердик абал жарыялаган. Тоолуу Карабак администрациясы 86 жоокеринин өлгөнүн билдирди. Карапайым кишилердин арасында да каза болгондор бар. Азербайжан өз армиясындагы жоготуулар жөнүндө маалымат бере элек. Ошол эле маалда Баку жай тургандар арасында 30дай киши жабыр тартканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG