Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинцясында жанкечти уюштурган жардыруудан кеминде тогуз адам каза болду. Провинциянын губернаторунун басма сөз катчысы Өмер Звак кабарлагандай, 30-сентябрда Нахри Сарах районунда болгон теракттан каза болгондордун арасында төрт жайкын тургун бар. Анын экөө аялдар. Мындан сырткары бир нече адам жарадар болду.
Бул жарадыруу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок теракт болгон Гилменд аймагынын көпчүлүк бөлүгү «Талибан» кыймылынын көзөмөлүндө турат.
Бул жардыруу ооган өкмөтүнүн жана «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү ондогон жылдар бою уланып келе жаткан согушка чекит коюу боюнча Катардын борбору Дохада жолугуп жаткан учурга туш келди.
12-сентябрда башталган сүйлөшүүлөргө карабай «Талибан» ок атууну токтотуудан баш тарткан болчу.
БУУнун Ооганстандагы миссиясы 2020-жылдын биринчи жарымында эле 1280 жайкын тургун ар кыл жардыруудан, кол салуудан каза болгонун кабарлаган.