Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Жарым миллиондой киши добуш бере албайт


Кыргызстандагы президенттик шайлоодон бир көрүнүш. 2009-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы президенттик шайлоодон бир көрүнүш. 2009-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодо жарым миллионго жакын адам добуш бере албай турганы белгилүү болду.

Буга алардын биометрикалык каттоого турбаганы себеп болууда.

Кыргызстанда 2015-жылдан баштап жарандарга биометрикалык маалыматтар менен гана шайлоого катышууга уруксат бериле баштаган. Эмне себептен жарым миллионго жакын адам добуш берүүгө тартылбай калды?

Мамлекеттик каттоо кызматы тастыктагандай, Кыргызстанда 437 384 жаран биометрикалык каттоого турбастан, эски үлгүдөгү ID-паспорт менен жүрөт. Демек, алар алдыга шайлоодо добуш берүүгө катыша албайт.

Мамкаттоо 2014-жылдан бери, айрыкча шайлоого жакын жарандарды биометрикалык маалымат тапшырууга чакырган кызуу өнөктүк жүргүзгөнүн билдирди.

Бирок алты жылдан бери эмнеге жарым миллионго жакын адам биометрикалык маалымат тапшырбай жүргөнүнүн так себеби белгисиз.

Мекеменин адиси Дамира Азимбаева бул суроого мындай жооп берди:

«Өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу болуш керек. Балким алар чет өлкөдө жашап жүрөт. Айрымдарында жаңы паспорт алууга муктаждык боло элек. Негизи 2014-жылдан бери эле Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардын бирдиктүү реестрин түзүш үчүн биометрикалык маалыматтарды чогултуу менен алектенип жатат».

Мамкаттоо 2015-2017-жылдардагы шайлоодо биометрикалык маалымат тапшырбаган канча адам добуш бере албай калганы жөнүндө маалыматты кийинчерээк берерин билдирди.

Жогорку Кеңешке өтүш үчүн бир партия орто эсеп менен кеминде 130 миңдей добуш алышы керек. Демек, жарым миллионго жакын шайлоочу эки-үч партиянын тагдырын чече алмак.

«Жарандык платформа» уюмунун жетекчиси Айнура Усупбекова биометрикалык маалымат тапшырып, шайлоого катышуу укугуна ээ болуу ириде ар бир жарандын жеке жоопкерчилиги менен байланыштуу экенин белгилейт.

Ошол эле кезде Усупбекова бийлик өлкө тагдырын аныктоочу саясий окуяларга жарандардын активдүү катышуусуна үндөшү керек деген ойдо. Усупбекова бул жолку шайлоодо Мамкаттоонун мындай аракетин байкаган жок.

«Айрымдар коопсуздукка, кээ бири мыйзам менен маселеси барлар тапшырбай жүрүшөт. Мындан сырткары да адамдар бар. Алар жаңы паспорт алгандар. Билбей жүрүшөт. Бул жолу Мамлекеттик каттоо кызматы мурдагыга салыштырмалуу начар иштеди», - деди ал.

Жалпы шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүп жаткан жарандык активист Максат Чакиев мамлекет үчүн парламенттик шайлоо эң маанилүү жараян экенин белгиледи. Ал эл өлкөнүн беш жылдык тагдырын чечүүчү депутаттарды тандашына шарт түзүлүшү керек болчу деген ойдо турат. Чакиев шайлоо өнөктүгүндөгү жогоруда кеп болгон көрүнүштөргө нааразы болду.

«Парламент бийликтин негизги бутагы болуп жатат. Аны тандоого бийлик мыкты даярдык көрүшү керек. Жарым жыл калганда эмнеге биометрика тапшырбагандар көп болуп жатканын аныктап, иштеши керек эле. Экинчиден, №2 форма деген нерсе менен жарым миллион эл катталып койду. Бул түшүнүксүз, күмөндүү тизме. Ал эми чет өлкөдө жүргөн көпчүлүк жарандардын шайлоого катышуу укугу жок калды. Муну шайлоо деп айта алабызбы?»

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бул жолку шайлоого чет мамлекеттерден добуш берүүгө 32 миңден ашуун кыргызстандык каттоого турганын маалымдады. Башка мамлекеттерде жүргөндөр үчүн атайын 45 добушкана ачылды. Алардын көпчүлүгү Орусиянын аймактарында. Ар кандай маалыматка ылайык, Орусияда миллионго жакын кыргыз мигранты бар экени айтылат.

2015-жылы парлементтик жарышта тизмеге 2 млн. 700 миң киши катталып, бир млн. 600 миң киши (59%) добуш берүүгө келген.

БШКнын жетекчисинин мурдагы орун басары Жаркын Бапанованын божомолунда бул сапар парламенттик жарышка шайлоочулар кызуу катышат. Бапанова бийлик пандемиянын шартында талапкерге да, шайлоочуга да мүмкүн болгон шарттарды түзүп берип жатканын айтты:

Жаркын Бапанова.
Жаркын Бапанова.

«Партияларда жаштар көп экен. Андыктан жаштар да бул жолу добуш берүүгө катышууга кызыгып жатышат. Ал эми өкмөт, БШК мыйзамдын чегинде гана иш алып барууда. Президент болсо чынында кийлигишкен жок».

БШКнын акыркы эсебинде Кыргызстанда шайлоочулардын саны үч млн. 523 миң адам болду. Бул көрсөткүч 2015-жылдагы Жогорку Кеңештин шайлоосуна салыштырмалуу 700 миң адамга көбөйдү. Ал эми 2017-жылы президенттик жарышта шайлоочулардын саны 3 миллиондон бир аз ашкан болчу.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоонун добуш берүү күнү болот. Учурда 16 партия парламентке келип, мандат алууну көздөп турат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG