Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:53

Орусияда журналист өзүнө өрт коюп, каза болду


Ирина Славина.

Орусиядагы «Koza Press» басылмасынын башкы редактору Ирина Славина бүгүн Нижегород облустук милициясынын имаратынын жанында өзүнө өрт койду. Алексей Навальныйдын штабы жана «Baza» булагы кабарлагандай, журналист эсине келбей жатып каза болду. Милиция өзүнө өрт койгон адамдын каза болгонун ырастап, маркумдун журналист Славина экенин тактаган жок.

Буга чейин Ирина Славина «Фейсбуктагы» баракчасына «менин өлүмүм үчүн Орусия Федерациясын күнөөлөгүлө» деп жазган болчу. Бейшембиде Славинанын кеңсесинде ишкер Михаил Иоселевичке козголгон кылмыш ишинин алкагында тинтүү жүргүзүлгөн. Ишкер Орусияда тыюу салынган уюмдун ишин жүргүзгөн деп айыпталган.

Ирина Славина тинтүү жүргүзгөндөр анын бир нече буюмун алып кетишкенин билдирип, «эмне тапса, баарын - флеш-карттарды, менин, кызымдын ноутбугун, компьютерди, менин жана күйөөмдүн чөнтөк телефонун, бир нече блокнотторду алып кетишти» деп жазган.

Славина жетектеген «Koza Press» басылмасы Нижний Новгороддун бийлигин сындаган макалаларды жарыялап келген.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG