Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:21

Өзгөн: өлүм менен бүткөн чырдын саясий изи


Мырза-Аке айылы, маркумдун үйү. 1-октябрь, 2020-жыл.
Мырза-Аке айылы, маркумдун үйү. 1-октябрь, 2020-жыл.

«Республика» партиясы анын Өзгөндөгү тарапкери өлтүрүлгөнүн айтып чыкты. Милиция адам өлүмү болгонун ырастаганы менен анын саясий өңүтү жоктугун билдирүүдө.

Айрым сайттар кылмышка шектүү «Мекеним Кыргызстан» партиясында иштегенин, өлүмгө жеткирген чатактын башталышына акча себеп болгонун жазып чыгышты.

30-сентябрда Өзгөндө бачыкталып, каза болгон Замирбек Ормон уулунун жакындары анын «Республика» партиясына үгүт жүргүзүп иштегенин ырасташты.

Маркумдун тууганы (атасынын агасы) Чолпонбай Жумалиевдин «Азаттыкка» билдиришинче, ал үгүтчү болуп бир күн иштеген.

Чолпонбай Жумалиев.
Чолпонбай Жумалиев.

«Биз өзүбүз Орусиядагы кыздардан уктук. «Инибизди өлтүрүп кетиптир» дешти. Ага чейин бейкапар эле отурганбыз. Анын атасы беш жылдан бери төшөктө жатат. Кечээтен бери сөөктү жерге берүү менен алек болдук, эртеңден тартып кайсы бала, эмне болгон, кандай экенин териштирип мыйзам чегинде чара көрөбүз. Бул жеке чатак болдубу, башка нерсе болдубу же саясий иш болдубу - азырынча кабарыбыз жок», - деди ал.

Ормон уулунун ата-энеси интервью берүүдөн баш тартты. Жакындары тергөөнүн жыйынтыгын күтөрүн, акыйкат тергелишин талап кылышарын айтышты.

Мырза-Аке айылындагы «Республиканын» штаб кызматкерлери Замирбек өзүнүн автоунаасы менен бир күн кызмат көрсөткөнүн ырастап, бирок ал такай үгүтчү болуп иштебегенин билдиришти.

Бычактоого жеткирген сөз талаш

Ош облустук милициясы чыр шайлоонун айынан чыкпаганына ынандырууда.

Ош ОИИБнын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаевдин айтымында, айылда чогуу өсүп, жоро-жолдош болуп жүргөн эки жигит сөз талаштан улам келишпей калган.

«Сыра ичип отуруп эле, сөз талашып уруша кетишкен. Токмок жеп калган жаран (кылмышка шектүү) капа болуп, үйүнөн бычак алып келген. Жекеме-жеке үйүнөн чакырып чыгып, бычак менен бир нече жолу артынан сайган».

Маркумдун жакындары Замирбек Ормон уулу жети-сегиз жеринен бычакталганын байкашкан. 25 жаштагы Замирбектин артында бир уулу, жубайы калды.

Мырза-Аке айылындагы борбордук көчө.
Мырза-Аке айылындагы борбордук көчө.

Кандуу окуянын эртеси милиция сурак берип жаткан кылмышка шектүүнүн жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн видеосун таратты. Алар дагы ортодогу чырга партиялардын тиешеси жоктугун айтышкан.

«Замир менен Акылдын (шектүүнүн) ортосунда кастык болгон эмес. Бир мектепте окуганбыз. Бири-бирибизди мурдатан тааныйбыз. Үстөмдүк кылып гана, бир класс жогору окугандыгы үчүн сен менин инимсиң, сени урсам болбойбу деген. Шайлоого эч тиешеси жок», — деди күбөлөрдүн бири.

Буга чейин «Политклиника» басылмасы маркумдун достору менен маектешип, Замирбек Ормон уулу мурда «Мекеним Кыргызстан» партиясынан үгүт өнөктүгүнө катышып, кийин «Республикага» өтүп кеткенин, эки жигиттин ортосундагы чырга 5 миң сом себеп болгонун жазган.

Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясы кандуу окуяга тиешеси жок экенин билдирди. Партиянын өкүлү Элнура Алканова «Азаттык» радиосуна бул окуяга партиянын атын аралаштырууну «чагым» катары сыпаттады.

«Жергиликтүү штаб менен бийланышып, текшерүү жүргүздүк. Бул окуяга байланышкан кишинин «Мекеним Кыргызстан» партиясына тиешеси жок. Бул провокациядай көрүнүп жатат. Биз өзүбүздүн агитаторлор менен келишим түзгөнбүз, расмий түрдө иштешет. Алардын тизмесинен жогорудагы кишини тапкан жокпуз».

Мырза-Аке айылындагы «Республика» партиясынын штабы.
Мырза-Аке айылындагы «Республика» партиясынын штабы.

«Республика» партиясы 1-октябрда кайрылуу таратып, «үгүт иши башталгандан бери өлкөнүн айрым аймактарында партиянын тарапташтарын моралдык жана физикалык кысымга алуу, сабоо, өлтүрүү фактылары аныкталды» деп билдирген.

Ал арада облустук милиция «Республика» партиясынын өкүлүнүн тараткан маалыматын «Адам өлүмүн жеке кызыкчылыгына пайдаланган» деп эскертүү берип, БШКга материалдарды жөнөтүү алдында турат.

2-октябрь Кыргызстанда үгүт өнөктүгүнүн акыркы күнү. Жогорку Кеңешке ат салышкан партиялардын бир айга созулган жолугушууларында чыр-чатактар, мыйзамсыз аракеттер байма-бай катталууда.

XS
SM
MD
LG