Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Абдрахматова: Мыйзам бузуу фактыларынын баарынан кабарыбыз бар


Ош шаарындагы добуш берүү. 4-октябрь, 2020-жыл.
Ош шаарындагы добуш берүү. 4-октябрь, 2020-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова бүгүн, 4-октябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодогу түрдүү мыйзам бузуу фактылары менен кабардар экенин билдирди. Ал бул тууралуу «Азаттыктын» түз эфирдеги берүүсүндө айтты:

«Кабарыбыз бар. Бирок социалдык тармактарга тарап жаткан видео, фото фактылар көп болгону менен расмий кайрылгандар, арыздар аз болуп жатат».

Атыр Абдрахматованын айтымында, добуш берүү күнү саат 16:00гө карай БШКга 100дөн ашуун арыз түштү. Анын ичинде негизинен шайлоого келип, өздөрүн тизмеден таппай калгандар кайрылышкан. БШК бул маселени участкалык, аймактык шайлоо комиссиялары менен чогуу чечип жатат.

Ал эми добуш үчүн акча берүү, шайлоочуларды топ-тобу менен ташуу, журналисттерге кол салуу жана башка маселелер боюнча фактыларды БШК укук коргоо органдарына өткөрүп берүүдө.

Бүгүн, 4-октябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо түрдүү мыйзам бузуу катталып жатканы кабарланууда. Социалдык тармактарда добуш сатып алуу, берген добушун телефонго тартуу аракети, шайлоочуларды массалык түрдө добушканаларга ташып келүү жана башка мыйзам бузуу фактылары тууралуу маалыматтар чыгып жатат.

Бүгүн Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо жүрүп жатат. Ага 16 саясий партия катышууда.

Саат 16:00гө карата Кыргызстанда бир миллион 296 миң шайлоочу добуш берди. БШКнын маалыматына караганда, бул каттоого алынган шайлоочулардын жалпы санынын 36,81% түзөт. Эң жогорку активдүүлүк Ош шаарында катталууда – 45%, ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Ысык-Көл жана Баткен облустарында - 33%. Бишкек шаарында шайлоочулардын 36% добуш берди.

Чет мамлекеттерде жашаган кыргызстандыктардын арасынан шайлоого 16% катышты. Орусияда Южно-Сахалинск жана Владивосток шаарларында добуш берүү аяктады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG