Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Жалал-Абадда добуш берген бюллетендерин сүрөткө тарткандар кармалды


Сузактагы добуш берүү жараяны. Жалал-Абад облусу. 4-октябрь, 2020-жыл.
Сузактагы добуш берүү жараяны. Жалал-Абад облусу. 4-октябрь, 2020-жыл.

Жалал-Абад шаарындагы №2101 шайлоо участогунда үч мыйзам бузуу фактысы катталды. Анын ичинен бирөөнү добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салып турган байкоочулар кармап акт түзүп калышкан.

Бул маалыматты «Азатыкка» байкоочу Туратбек Кубатбеков ырастады.

«Үч адам добуш берүү учурунда бюллетенин сүрөткө тарткан. Байкоочулардын байкап калышынан улам эки шайлоочу телефондогу сүрөттү өчүргөнгө жетишкен. Үчүнчүсү кармалып, акт түзүлүп, милицияга өткөрүлүп берилди», - дейт байкоочу.

Жалал-Абад облусу боюнча саат 14:00гө чейин шайлоочулардын 32% добуш берди.

Кыргызстанда саат 14:00гө карата 990 492 адам добуш берди. Бул каттоого алынган жалпы шайлоочулардын 28% түзөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда Ош шаарынын шайлоочулары эң активдүү болууда. Шайлоочулардын 35% добуш берди. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Ысык-Көл облусунда байкалып, шайлоочулардын 25% келди.

Бишкекте шайлоочулардын 27% добуш берди.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештеги 120 мандат үчүн 16 саясий партиядан эки миңден ашуун талапкер ат салышууда. (TB)

XS
SM
MD
LG