Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:09

БШК Алайда, Чоң-Алайда жашабаган башка улуттардын өкүлдөрү добуш берип жатканын төгүндөдү


Кыргызстандагы парламенттик шайлоо. 4-октябрь, 2020-жыл.
Кыргызстандагы парламенттик шайлоо. 4-октябрь, 2020-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Алай, Чоң-Алай райондорундагы шайлоого көз салуучу өкүлү Мамыт Молдобаев бул аймакта жашабаган улуттардын өкүлдөрүн ташып келип добуш салдыруу фактысы болбогонун «Азаттыкка» билдирди:

«Алайга антип массалык түрдө башка улуттардын өкүлдөрүн алып келип, добуш бердирүү катталган жок. №2 форма менен да массалык түрдө каттоо болгон эмес. Алай районунун карамагында Ош шаарынын четиндеги Жаңы-Алай айылы бар, ал жакта өзбектер жашайт. Партиялар балким ошону айтып жатышкандыр?»

Социалдык тармактарга айрым саясий партиялар Алай, Чоң-Алай райондорунун айрым шайлоо участокторуна кичиавтобустар менен башка улуттагы адамдарды ташып келип жатканы тууралуу маалыматтар тараган.

Алай районунун акими Замир Молдокуловдун билдиргенине караганда бул аймактагы калктын 90% кыргыз улутундагылар түзөт.

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда. БШКнын маалыматына караганда, саат 14:00гө карата шайлоочулардын 28% добуш берди.

Шайлоодо добуш бериш үчүн Кыргызстанда 2430 тилке уюштурулган. Андан тышкары дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 45 шайлоо участогу даярдалды.

Ошондой эле Ош шаарында 10 жана Москва шаарында бир шайлоо участогу кошумча ачылган. Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554 киши. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG