Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

Бишкек шаарынын мектептери ачылбайт


Бишкектеги мектептерде аралыктан окуу уланат.
Бишкектеги мектептерде аралыктан окуу уланат.

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов 1-октябрда өткөргөн басма сөз жыйынында 6-октябрдан тартып мектептерде 1-класстан 6-класска чейин окуу салттуу түрдө уланарын билдирген. Бирок Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы менен шаардык санитардык көзөмөл департаменти мектептерди 2-6-класстарга ачууну токтото турарын маалымдашты.

Бишкек шаардык санитардык көзөмөл департаментинин директорунун орун басары Мира Курманова «Азаттык» радиосуна:

«Азыр мектептердин ичи муздак, жылуулук бериле элек. Буга кошумча август, сентябрь айларында балдар, өспүрүмдөр арасында коронавирус менен ооругандар катталууда. Мезгилдик сасык тумоо да күчөп жатат. Шаардык билим берүү башкармалыгы менен макулдашып, мектептерди убактылуу ачпай турмак болдук. Окуу качан башталары кырдаалга жараша аныкталат», - деди.

Ал шаардагы мектептер 210%ке толтура болуп, бир класста 50гө чукул бала билим алгандыктан, мектептердин пандемия шартында иштөө алгоритми, санитардык талаптарды аткаруу кыйын болуп жатканын белгиледи.

Бишкекте жалпы билим берүүчү 187 окуу жайы бар. Алардын 96сы орто мектеп, 85и бала бакчалар. Марттын экинчи жарымынан бери Кыргызстандагы мектептер аралыктан окуп келе жатат. 1-сентябрда 1-класстын окуучулары гана мектепке барышкан.

Мектептерди ачуу алгоритми боюнча сабактардын көпчүлүк бөлүгү таза абада болуп, 1,5 метр аралык сакталып, окуучу, мугалимдер беткап кийип жүрүшү керек. Класстар ар бир эки саат сайын дезинфекцияланышы зарыл. (BCh)

XS
SM
MD
LG