Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Индияда секелек кыз климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу акцияга чыкты


Индияда буга чейин бийликти климаттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүүгө чакырган акциялар өткөн.
Индияда буга чейин бийликти климаттын өзгөрүшүнө каршы чара көрүүгө чакырган акциялар өткөн.

Сегиз жаштагы Лициприя Кангужам 28-сентябрда Индиянын баш калаасы Нью-Делидеги парламент имаратынын алдына пикетке чыкты. Ал премьер-министр Нарендра Модиден жана депутаттардан климаттын өзгөрүшү боюнча мыйзамды тезирек кабыл алууну талап кылды.

Кангужамдын климаттын өзгөрүшүнө каршы чыгып жатканына эки жыл болду. Ал дүйнөдөгү эң кичинекей активист. Былтыр ал Мадридде өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) климат боюнча конференциясында сөз сүйлөгөн.

Секелек кыз Индияда абанын булганышына каршы мыйзам кабыл алууга жана мектептерде бул багытта атайын сабак киргизүүгө чакырып келет. Ал швециялык окуучу кыз, климат боюнча активист Грета Тунбергдин акцияларынан таасирленгенин айткан.

«Делидеги абанын булганганын карагылачы! Керек болсо балдар да көчөгө чыга алышпайт. Мени мектеп окуучуларынын жана ымыркайлардын саламаттыгы тынчсыздандырат. Өкмөт үч күнгө каникул жарыялады, анан беш күнгө, он күнгө коё беришет. Бирок бул маселени чечпейт», - деген Лициприя Кангужам.

Нью-Дели дүйнөдөгү абасы аябай булганган шаарлардын катарына кирет. Былтыр ноябрда абаны каптаган түтүндөн улам калаадагы мектептер жабылып, авиакаттамдар токтотулган.

XS
SM
MD
LG