Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Климат боюнча саммит жыйынтыксыз аяктады


БУУнун Климат боюнча дүйнөлүк конференциянын катышуучулары. 2-декабрь, 2019-жыл.
БУУнун Климат боюнча дүйнөлүк конференциянын катышуучулары. 2-декабрь, 2019-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун Климат боюнча дүйнөлүк конференциясы 15-декабрда олуттуу жыйынтыксыз аяктады. Анын катышуучулары абаны булгаган көмүр кычкыл газын кыскартуу боюнча так кадамдар кийинки жылы Глазгодо өтө турган жыйында кабыл алынат деп үмүт артышты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Климат боюнча 25-дүйнөлүк конференциясы эң узак жыйын болуп калды. Өткөн жума күнү жыйынтыктала турган саммит катышуучулардын талаш-тартышынан улам 40 саатка созулду. Акыр-аягында ага чогулган 200дөй мамлекеттин делегаттары мунаса макулдашууга жетишти. Чили-Мадрид декларациясы деп аталган ал документке ылайык, бийлик абаны булгаган заттардын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин жакшыртышы керек.

Бул милдеттенмелерди аткаруу 2015-жылы Париже кабыл алынган макулдашууда каралган. Ага ылайык, дүйнө өлкөлөрү 2100-жылга чейин глобалдык температуранын орточо ысышын эң жогору дегенде индустриалдык доорго чейинкиден же 1880-1899-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн 1,5 Цельсий градустан ашырбоо боюнча аракеттерди көрүшү керек болгон. Учурда бул көрсөткүч 3-4 Цельсий градустун тегерегин түзөт.

Каролина Шмидт. Мадрид, 15-декабрь.
Каролина Шмидт. Мадрид, 15-декабрь.

Бирок катышуучулар көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча күтүлгөндөй жыйынтыкка жете алышкан жок. Бул тууралуу Чилинин Айлана-чөйрөнү коргоо министри Каролина Шмидт билдирди.

«Тилекке каршы, биз жасаган ушундай оор жумуштан кийин да маанилүү берене боюнча бир пикирге келе алган жокпуз»,-деди ал.

Ошондой эле Мадрид сүйлөшүүлөрүнүн катышуучулары табият кырсыгына дуушар болуу ыктымалдыгы жогору мамлекеттерге компенсация бөлүп берүү тууралуу макулдашууга жетишти. Бирок бул экологиялык уюмдардын өкүлдөрүн канааттандырган жок.

«Greenpeace» уюмунун өкүлү Мартин Кайзер конференциянын жыйынтыгын «климат кризисинен жабыркап жаткан бардык адамдарды сатып кетүү» катары баалады. Бразилиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо департаментинин башчысы Леонардо Кливер де Атайде бул жыйында реалдуу жылыш байкалганын айтты.

- Ошентсе да бул жолку сүйлөшүүлөрдү алдыга кандайдыр бир жылыш болду. Менимче, стакан жарым-жартылай толду жана биз бул маанилүү суроо боюнча талкууларды мындан ары дагы улантууга дилгирбиз.

Жыйындын башка делегаттары да көмүр кычкыл газы тууралуу маселеге 2020-жылы Шотландиянын борбору Глазго шаарында өтө турган конференцияда чекит коюларына үмүт артышты.

Быйыл БУУнун Климат боюнча 25-дүйнөлүк конференциясы Чилиде өтмөк. Бирок ал жакта жапырт нааразылык акциялары токтобогондуктан Мадридге которулган. Анткен менен төрагалык Чилиде кала берди. Испаниянын баш калаасында өткөн жыйын жергиликтүү экологиялык уюмдардын демонстрациялары менен коштолду. Алар климаттын өзгөрүүсүнө каршы чараларды кабыл алуу абдан жай жүрүп жатканына нааразылык билдиришти.

Европада климаттын өзгөрүшүнө каршы жүрүштөр былтыр жайдан тарта күчөгөн. Анын башында 16 жаштагы швециялык активист кыз Грета Тунберг турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG