«Мекенчил» партиясы бүгүн, 5-октябрда билдирүү таратып, учурда Ала-Тоо аянтында партиянын атынан сүйлөп жаткан Мелис Аспековдун партияга эч кандай тиешеси жок экенин жана ага партиянын атынан сүйлөө укугу берилбегенин маалымдады.
«Мекенчил» саясий партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркуловдун маалыматына караганда, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкмайынча, партия кандайдыр бир кадамдарды таштабайт.
«Парламенттик жарыштын жыйынтыгы толук чыга элек. Бардык участкалардагы добуштар эсептелип, бюллетендерди кол менен саноо процесси аяктап, жарыштын толук жыйынтыгы чыкмайынча биз комментарий бере албайбыз. Ал эми Аспековдун сөздөрүн чагым катары караш керек. Анын биздин партияга тиешеси жок, «Мекенчилдин» атынан мындай чечимдер тууралуу бир гана лидерибиз Камчыбек Ташиев жасай алат».
Нургазы Анаркулов партиянын тарапкерлерин сабырдуулукка чакырып, чагымга алдырбоого үндөдү.
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча «Мекенчил» саясий партиясы добуштардын 6,8% алган.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, «Биримдик» партиясы добуштардын 24,5%, «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,7%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,0% алып, жети пайыздык босогодон өттү. «Мекенчил» партиясында добуштардын 6,8%, «Республикада» 5,8%, «Ата Мекенде» 4,0%, «Ыйман Нурунда» 3,3%, «Бир Болдо» 3,0%, «Чоң Казатта» 2,3%, «Замандашта» 2,1%, «Социал-демократтарда» 2,1%, «Реформада» 1,6%, «Мекен Ынтымагында» 0,6%, «Ордодо» 0,2% жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында» 0,1% бар. Шайлоочулардын 1,8% баарына каршы добуш беришти.
Ушул тапта шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон бир катар саясий партиялар Бишкектеги Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүшүүдө. (ZKo)