Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:00

Аянттагы кагылышууда 16 адам жараат алганы кабарланды


Бишкектеги көчолөрдүн бири.
Бишкектеги көчолөрдүн бири.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Ала-Тоо аянтындагы митингди таркатуу учурунда 16 адам ар түрдүү жараат алып, ооруканага түшкөнүн маалымдады.

Бишкек шаардык травматология, ортопедия илим изилдөө институтуна төрт, Улуттук госпиталга 10, Бишкек шаардык №1 ооруканасына эки адам "Тез жардам" менен жеткирилди. Алардын жарааты канчалык оор экени ушул тапта такталууда.

Буга чейин Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтындагы митингди таратууда «Ата Мекен» партиясынан талапкер, депутат Жанарбек Акаев жараат алганы кабарланган.

Аянтка чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агыза турган газ, желим ок, үндүү граната ыргытып, суу чачып таркатты. Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жаткан.

Катышуучулар президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имараттын тосмосунан секирип кирүүгө аракет кылышкан. Милиция, ОМОН кызматкерлери митингдегилерди экиге бөлүп, атайын автоунаа жана иттердин жардамы менен кубалап таркатты. (BCh)

XS
SM
MD
LG