Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Саламаттык сактоо министринин милдетин орун басарлары аткарат


6-октябрда Саламаттык сактоо министрлигинин байкоочу кеңеши бул расмий органдын имаратына баргандарды сүйлөшүү жолу менен чыгарып, убактылуу министрдин милдетин анын эки орун басары Мадамин Каратаев жана Нурболот Үсөнбаев аткарарын сүйлөшүшкөн. Бул тууралуу "Азаттыкка" байкоочу кеңештин мурдагы мүчөсү Бактыгүл Бозгорпоева маалымдады.

"Биз түшкө чейин министрликте болуп жаткан чатакты чечип, министрдин иш бөлмөсүнүн эшигин чаптап кеткенбиз. Бирок, биз кеткенден кийин "Чоң казат" партиясынын өкүлдөрүбүз деген топ кайра барып алыптыр. Негизи министрди координациялык кеңеш убактылуу дайындагыча мындай чыр болбой турса дегенбиз", - деди.

5-октябрда Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы партиялар митинг өткөрүп, натыйжада митингчилер президенттин жана парламенттин кеңсесине кирип барышкан.

Президент 6-октябрда видео кайрылуу жолдоп, шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети болгонун айтты.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Каракол шаарларында каршылык акциялары уланууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG