Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

Жанарбек Акаев: парламенттин кезексиз жыйынын чогултуу үчүн 45 депутат кол койду


Жогорку Кеңеш депутаттарынын экинчи бөлүгүнүн жыйыны. 6-октябрь, 2020-жыл.
Жогорку Кеңеш депутаттарынын экинчи бөлүгүнүн жыйыны. 6-октябрь, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин жаңы төрагасын шайлоо жана элдик өкмөт түзүү үчүн кезексиз жыйын өткөрүүгө 47 депутат макулдугун берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев депутаттардын 6-октябрдагы кеңешмесине таянып "Азаттыкка" билдирди:

"Азыр 45 депутат келип сунушка макулдугун берип, кол коюп кетишти. Дагы келе жатышат. 65ке жеткирели деп жатабыз".

Регламентке ылайык кезексиз жыйын депутаттардын үчтөн биринин макулдугуна ылайык чакырылат. Жанар Акаевдин айтуусунда парламент кезексиз жыйынга 7-октябрда чогулган атат. Анда жаңы төраганы шайлоо, Элдик өкмөттү куроо маселелери каралат.

Жогорку Кеңештин регламенти боюнча, спикерди кетирүүгө парламент депутаттарынын үчтөн экиси макулдугун бериши керек.

Жогорку Кеңеште 120 депутат бар.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга оогон түнү президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон. 6-октябрда саясий партиялардын Координациялык кеңеши түзүлгөн. (ZKo/AiN)

XS
SM
MD
LG