Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Евробиримдик Кыргызстанды ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө чакырды


Бишкектин Ала-Тоо аянтына чогулгандар, 5-октябрь 2020-жыл.
Бишкектин Ала-Тоо аянтына чогулгандар, 5-октябрь 2020-жыл.

Европа Биримдиги Кыргызстандагы бардык саясий күчтөрдү Конституциянын алкагында иш алып барууга жана карама-каршылыктарды тынч жол менен чечүүгө чакырат.

Уюм мындай мазмундагы билдирүүсүн 6-октябрда таратты. Анда Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныганы эске алынып, өлкөдө ачык-айкын шайлоо өтүшү зарыл экени белгиленген.

“Биз Кыргызстандын эл аралык убадаларына жана жарандарынын демократиялык укуктарына төп келген, ишеним жараткан, ачык-айкын жана бардык тарапты камтыган жаңы шайлоонун өткөрүлүшүн күтөбүз”, - деп айтылат билдирүүдө.

Еврошаркет Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жолун өлкө эгемендик алгандан бери колдоп келгенин, өлкөнүн өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүнү уланта берери белгиленген.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга оогон түнү президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон. 6-октябрда саясий партиялардын Координациялык кеңеши түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG