Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:14

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка көрсөттү


Садыр Жапаров абактан чыгып, тарапкерлери менен жолугууда. 5-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров абактан чыгып, тарапкерлери менен жолугууда. 5-октябрь, 2020-жыл.

6-октябрда Бишкектеги "Достук" мейманканасынын жыйындар залына чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Садыр Жапаровдун талапкерлигин өкмөт башчылык кызматка жактырды.

Анын алдында парламент спикери алмашып, "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Дастан Жумабеков өз арызынын негизинде төрагалык кызматтан алынды.

Анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев төрага болуп шайланды. Жаңы төрага Абдылдаев депутаттарды өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арызы менен тааныштырды. Депутаттар ачык добуш берүү менен Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрликке көрсөттү.

Жаңы төрага Абдылдаевдин журналисттерге билдиргенине караганда, эми жаңы өкмөт башчылыкка талапкер өзүнүн программасын, өкмөттүн курамын жана структурасын парламентке сунуштайт.

Жыйынга 64 депутат катышканы айтылды. Иш жүзүндө канча эл өкүлү катышып, добуш бергени белгисиз. Алардын ичинде ишеним кат менен добуш бергендер бардыгы маалымдалды.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга оогон түнү президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон.

6-октябрда саясий партиялардын Координациялык кеңеши түзүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG