Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Немис канцлери Меркель Берлинде Светлана Тихановская менен жолукту


Ангела Меркел.
Ангела Меркел.

Германиянын канцлери Ангела Меркель шейшембиде Берлинде беларус оппозиция лидери Свтелана Тихановская менен жолукту. Анын алдында Тихановская телеграм-каналына "жолугушуунун күн тартибинде Беларустагы жаңы шайлоону уюштурууга Германиянын катышуу маселеси" турганын жазган.

Канцлердин кеңсеси Меркель Тихановскаяны беларус оппозиция лидери катары кабыл аларын билдирген. Германия дагы башка Европа өлкөлөрү сымал эле Александр Лукашенконун жеңишин тааныган эмес.

Ушул тушта Литвада баш калкалап жаткан Тихановская буга чейин француз президенти Эммануэль Макрон менен да жолуккан жана Европа парламентинде сөз сүйлөгөн. Ал шайлоодо эң көп добуш алганын, өзү "эл шайлаган жалгыз беларус лидери" экенин айтып келет.

Шейшембиде Германиянын Беларустагы элчиси Минскиден кеңешүүгө чакыртылып алынары белгилүү болгон. Андан мурдарак Польша менен Литванын элчилери Беларустан чыгып кеткен. Беларус бийлиги аталган өлкөлөрдү башаламандык боюнча айыптаган жана дипломаттардын санын кыскартууну талап кылып жаткан.

Европа Биримдиги Беларустагы элчилеринин бир бөлүгүн чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алганы белгилүү болгон.

Беларуста президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылган калайман каршылык акциялар эки айга жакын убактан бери токтой элек. 9-августтагы шайлоодо Лукашенко жеңүүчү деп табылган, оппозиция аны таануудан баш тарткан.

Бир катар Батыш өлкөлөрү Александр Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбай турганын жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG