Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:59

Азербайжан менен Армения мунай кууру боюнча кайым айтышты


Тоолуу Карабак.
Тоолуу Карабак.

Азербайжан Арменияны стратегиялык жактан маанилүү эл аралык «мунай кууруна чабуул койгонго аракет кылды» деп айыптап чыкты. Ереван болсо бул дооматты дароо четке какты.

Азербайжан армян аскерлери Евлах району аркылуу өткөн Баку-Тбилиси-Жейхан мунай куурун аткылаганын жарыялады. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Европанын энергетикалык коопсуздугу үчүн өтө маанилүү бул куур 6-октябрда кечинде аткыланган. Анда азери аскерлери чабуулдун мизин кайтарганы, бир жайкын тургун окко учканы айтылат.

Армениянын Коргоо министрлиги мунай кууру бутага алынганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Министрликтин басма сөз катчысы Шушан Степанян «Фейсбуктагы» баракчасына «Азербайжандын «армян аскерлери Баку-Тбилиси-Жейхан мунай кууруна чабуул койгонго аракет кылды» деген маалыматы - карандай калп. Биз «мунай, газ инфратүзүмдөрүн бутага албайбыз» деп бир канча жолу билдиргенбиз», деп жазды.

Анын алдында, Степанян 6-октябрда жикчил Тоолуу Карабактын борбору Степанакерт аткыланганын, «азери аскерлери түштүк фронтто кеңири чабуулга өткөнүн» билдирген.

Баку өз кезегинде Армения анын бир топ аймагын аткылап жатканын маалымдаган.

Эки мамлекет ортосундагы Тоолуу Карабак үчүн куралдуу кагылыш 27-сентябрда башталган. Ошондон бери расмий маалыматка ылайык, эки тараптан кеминде 240тай жаран мерт болду, алардын арасында ондогон жайкын тургун бар. Бул сан мындан да көп болушу мүмкүн, анткени Баку канча аскерин жоготкону тууралуу маалымат бере элек.

XS
SM
MD
LG