Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Равшан Жээнбеков: Саясатчылар акылына келбесе, өлкө бандиттик топтордун колуна түшөт


«Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүнүн катышуучулары: Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков жана Эркин Рыскулбеков.
«Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүнүн катышуучулары: Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков жана Эркин Рыскулбеков.

Кыргызстандагы жаш-кары, аркы өйүз, берки өйүздөгү саясатчылар, саясий топтор акылына келбесе, Кыргызстан бандиттик топтордун колуна түшөт. Мындай пикирин саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүн, 7-октябрь күнү «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында билдирди.

Ал бардык тараптарды мыйзам жолуна түшүүгө чакырды:

«Азыркы күндө парламентти чогултуп, алар аркылуу мыйзам жолуна түшөбүз. Парламент убактылуу өкмөттү, өкмөт башчыны шайлап берип, мыйзамдуу жолго түшүүгө көмөктөшүүгө тийиш. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бардык депутаттар жыйынга келип, убактылуу өкмөттү бекитип беришиңер керек. Учурдагы кырдаалды колдон чыгарып жиберсек, абал өтө начарлап кетет».

Равшан Жээнбеков бул жолу мурунку март, апрель окуяларынан айырмаланып, бүгүнкү күнү коомдо салмактуу, сыйлуу саясий күчтөр жок экенин белгиледи.

«Достук» мейманканасында чогулган депутаттар тобунун жыйынына VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн. Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыкка Садыр Жапаров көрсөтүлгөн.

Садыр Жапаровдун сунушталышына нааразы саясий күчтөр, люстрацияны талап кылган жана башка жаштар кыймылдары 7-октябрда кайрадан "Ала-Тоо" аянтына митингге чыгышты. Алар Жапаров баштаган саясатчылар 5-6-октябрдагы каршылык акцияларынын утуштарын эски күчтөрдүн кызыкчылыгына пайдаланып жатышат, Жээнбековдор менен Матраимовдордун кызыкчылыгына ойноп атышат деп жатышат.

Садыр Жапаров өзүн мыйзамдуу өкмөт башчымын деп билдирди.

Ушул тапта Өкмөт Үйүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар чогулуп, убактылуу өкмөт түзүү маселесин карап жатышат.

Кой-Таш окуясы боюнча камакта отурган Равшан Жээнбековду 5-октябрдын түнүндө митингге чыккандар башка камакта отурган башка саясатчылар менен чогуу бошотушкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG