Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 10:34

Путин Кыргызстандагы абалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды


Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда болуп жаткан акыркы окуяларга тынчсыздануусун «Россия 24» телеканалындагы маегинде билдирди.

«Жакында эле Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Бул шайлоо демократиялуу өткөнүн жалаң эле эл аралык байкоочулар эмес, Жамааттык Кызматташтык боюнча Келишим Уюмунун (ЖККУ) өкүлдөрү да билдиришкен. Бул өлкөдө азыр болуп жаткандар бизди кайдыгер калтырбайт. Баары тынчтык жолу менен чечилет деген ишенимдемин, өлкөдө демократия орноп, саясий маселенин баары ачык тез арада чечилишине тилектешмин», - деди ал.

Путин Кыргызстандагы бардык тараптар менен байланышта экенин да кошумчалап: «Биз Кыргызстанга насыя каражаттарын берип, чоң жардам кылып келебиз. Евразия Экономикалык Биримдигине кирүүсүн шарттап, бажы, фитосанитардык көзөмөл боюнча бир топ маселелерди чечтик. Биз Кыргызстан бул уюмдун тең укуктуу мүчөсү болушу үчүн керектүү каражатты берип жатабыз», - деп билдирди.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттин VII чакырылышына шайлоо болуп, анын тыянагына нааразылык эртеси башталып, Бишкекте массалык митингдер болгон. Милиция менен митингчилердин кагылышуусунан жүздөгөн адамдар жарадар болуп, бир киши каза тапты. Митингдер 7-октябрда да уланууда. (BCh)

)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG