Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Коопсуздук комитети коомдук-саясий күчтөрдү биригүүгө чакырды


5-октябрдагы митинг
5-октябрдагы митинг

Улукттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга, токтобой жаткан башаламандыкка тынчысызданып жатканын билдирди.

Коомдук-саясий кырдаалдын турукташуусуна кайдигер эмес коомдук-саясий күчтөрдү, алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарын, саясий күчтөрдү жана жаштарды биригип, "бийликтин легитимдүү институтун калыбына келтирүү үчүн" сүйлөшүүгө чакырды.

Билдирүүдө ошондой эле тартип коргоо органдары кылмыштуу топтор, чагымчыл күчтөр тарабынан мамлекеттик мүлктөрдү, менчик обьектилердин басып алуу аракеттерине жол бербөө иштерин жүргүзүп жатканы айтылган, бардык күч органдары өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөп турууга күчү жетери белгиленген. Өлкөнүн күч түзүмдөрү, тартип сакчылары саясаттан тыш экенин эскерткен.

Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти Коопсуздук кеңешинин башчысынын милдетин аткарып жаткан, аталган уюмдун башчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев көзөмөлдөп жатканы мурда кабарланган.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы бир нече партия тарапташтары менен 5-октябрда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында каршылык акциясына чыгып, демонстрация башаламандыкка айланган.

Күч түзүмдөрү менен митингчилердин кагылышуусунан миңге чукул адам жараланып, бир киши каза болду.

Андан бери уланган саясий кырдаал улам курчуп, өкмөттү дайындоо Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын өктөрүү аракеттери ишке ашпай, өлкөдө саясий кризис оурн алып турат. (BCh)

XS
SM
MD
LG