Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:27

COVID-19: Төрт адам каза болду, 275 кишиге жаңы жукту


Бишкектеги стационарлардын бири
Бишкектеги стационарлардын бири

Республикалык штабдын маалыматы боюнча 9-октябрга карата бир сутканын ичинде 4 адам каза болду. Каза болгондордун экөө Баткен, бирден киши Ош, Жалал-Абад облустарында.

Коронавирустан жалпы 1077 адам каза болду.

Акыркы суткада вирус 275 адамда жаңы аныкталды. Бул август айынын акырынан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 15 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ооруган медициналык кызматкерлердин саны 3379 болду, алардын ичинен 3075 медкызматкер айыгып чыкты.

Март айынан бери коронавирус жалпы 48 617 кишиге жукту. 44 097 киши айыкты.

Саламаттык сактоо министрлиги вирус акыркы 2-3 күндө көбөйүп жатканын билдирүүдө. (BCh)

XS
SM
MD
LG