Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:45

Бишкектин өрт өчүргүчтөрү иш таштоону пландоодо


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

7-8-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Бишкек шаардык өрт-куткаруу бөлүмүнүн бир нече кызматкери министрликтин алдына пикетке чыкты.

Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады. Алар министрдин орун басарын кызматтан кетирүү, айлык акыны жогорулатуу, турак жайга берилчү акчаны убагында бөлүштүрүү, өрт өчүрүү кызматын министрликтин курамынан бөлүү сыяктуу бир нече талаптарды коюшту. Министр Замирбек Аскаров чогулгандар менен жолугуп, жакын арада алардын талаптары каралып чыгарын билдирди.

Бишкек шаарынын өрт өчүргүчтөрү коюлган талаптар аткарылбаса 10-октябрда иш таштоого чыгарын билдиришти. (BCh)

XS
SM
MD
LG