Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Робин Орд-Смит: Кыргызстандагы талоончулуктун кесепети узак болот


«Демир банктын» талкаланган кеңсеси. Бишкек шаары. 6-октябрь, 2020-жыл.
«Демир банктын» талкаланган кеңсеси. Бишкек шаары. 6-октябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандагы Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит өлкөдөгү акыркы кырдаалга байланыштуу ишкер чөйрө кабылган мүшкүлдөрдүн кесепети узакка созуларына тынчсыздануусун билдирүүдө. Бул тууралуу Бизнес-акыйкатчынын кеңсеси маалымдады.

Бизнес акыйкатчынын билдирүүсүндө:

«Мыйзамдардын, жеке менчик укугунун бузулушу өлкөнүн эл аралык аброюна жана экономикасына чоң зыян алып келет. Мындан тышкары ишкерликке жана инвестициялык климатка узак мөөнөттүү кесепетин тийгизет. Бүгүнкү күнү бизнес жана ишкер чөйрөсү өздөрүнүн менчигин жана ага укугун коргоп аларына ишеничи жок. Көпчүлүк ишкерлер менен инвесторлор өздөрүнүн обьектилеринин, кызматкерлеринин, жабдууларынын жана каражаттарынын коопсуздугунан тынчсызданышууда», деп жазылган.

Бизнес-акыйкатчы ошондой эле бул келечекте өлкөдө жумушсуздукка, салык менен мамлекеттик бюджеттин толбошуна алып келери ачык турганын белгилеген:

«Мамлекетке чет өлкөлөрдөн ири инвестиция алып келип, экономиканы калыбына келтирип, жумуш орундарын түзүү учурунда мындай мыйзамсыздыктын уланышы өлкөгө сырттан инвестициянын келишине кедергисин тийгизет. Инвесторлор Кыргызстандагы окуяларды көңүл буруп карап отурушат».

Орд-Смиттин билдирүүсүндө ансыз деле пандемия шартында бизнес коомчулук кыйла чыгашага учураганын белгилеп, эми «деструктивдүү күчтөрдүн мыйзамсыз аракеттеринин» артында чыгашалар уланып жатканын билдирген.

Бизнес-акыйкатчы ишкерлерди, жеке бизнести коргоого салым кошкон күч кызматкерлерине, жарандык коомго ыраазычылыгын билдирип, каршылашкан тараптардын баарын маселени тынч жол менен чечүүгө жана эртерээк экономикалык жана саясий туруктуулукту орнотууга чакырган.

4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгына нааразылык иретинде 5-октябрда башталган митинги башаламандыкка айланып, демонстранттар 6-октябрга оогон түнү президенттик администрация менен парламенттин имаратына кирип барышкан. Ошондон бери Бишкекте митингдер токтой элек. Башаламандык учурунда борбор шаарддагы бир катар дүкөндөр, банктар, кафе-ресторандар талкаланганы кабарланган.

Бүгүн, 9-октябрда да Бишкектин Ала-Тоо жана Эски аянттарында митинг өтүп жатат. Бир нече убакыт мурун аянтта белгисиз адамдардын кагылышуусу болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG