Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Бишкекте түн тынч өттү


5-октябрдан бери Бишкекте митинг өтүп келе жатат. Ала-Тоо аянты. 9-октябрь, 2020-жыл.
5-октябрдан бери Бишкекте митинг өтүп келе жатат. Ала-Тоо аянты. 9-октябрь, 2020-жыл.

10-октябрга оогон түн Бишкекте тынч өттү. Талап-тоноо жана талкалоо фактылары катталган жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шаарды милиция кызматкерлери жана Элдик кошуундардын мүчөлөрү чогуу кайтарышты.

Мамлекеттик, жеке, стратегиялык мекемелер кайтарууга алынган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду жактоочулары барып камактан чыгарышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Андан бери президент элге беш ирет кайрылды, бирок элдин алдына чыга элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Учурда мыйзам алкагына кайтып келүү максатындагы аракеттер жыйынтык бере элек. Өлкө 6-октябрдан бери саясий кризисте.

9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги үзгүлтүккө учураган. Аларга Садыр Жапаровдун тарапкерлери таш, бөтөлкө ыргыткан. Курал колдонулуп, ок атылган. Кагылышта беш киши жаракат алган. Садыр Жапаровдун тарапташтары бул аларды каралоо үчүн жасалган чагым экенин билдирүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG