Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Ала-Тоо аянтындагы окуялар боюнча кылмыш иши козголду


Жаалданган митингчилерден качып бараткан адам. Ала-Тоо аянты, Бишкек. 9-октябрь, 2020-жыл.
Жаалданган митингчилерден качып бараткан адам. Ала-Тоо аянты, Бишкек. 9-октябрь, 2020-жыл.

Бүгүн, 9-октябрда Ала-Тоо аянтындагы башаламандык фактылары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, аянттагы таш менен уруу, курал колдонуу фактылары “Массалык башаламандык” беренеси боюнча бирдиктүү реестрге катталды. Атайын экспертиза дайындалды.

Мурдараак Бишкектеги Улуттук госпиталга денесинен түрдүү жараат алган беш киши жаткырылганы кабарланган. Алардын бири – саясий активист Тилек Токтогазиев.

Бүгүн, 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин жана жаш активисттердин митинги үзгүлтүккө учураган. Аларга Садыр Жапаровдун тарапкерлери таш, бөтөлкө ыргыткан.

Курал колдонулуп, ок атылган. Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордо белгисиз адамдар машинелердин бирин атып жатканын көрүүгө болот.

Ок атылганын жеринде жүргөн «Азаттыктын» кабарчылары да ырасташты.

Кийинчерээк социалдык тармактарда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин, Сапар Исаковдун, Өмүрбек Бабановдун автоунаалары аткыланганы тууралуу маалыматтар тараган.

Ал эми Садыр Жапаровдун тарапташтары бул аларды каралоо үчүн жасалган чагым экенин билдирүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG