Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:50

Бишкек мэриясы: Коомдук транспорт иштеп жатат


Бишкектеги эл ташыган кичи автобустар. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги эл ташыган кичи автобустар. Иллюстрациялык сүрөт.

Коомдук транспорттун ишине чектөө жоктугун, кадимкидей иштеп жатышканын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, азырынча өзгөчө абал киргизилгени тууралуу да расмий көрсөтмө келип түшө элек.

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал жарыялоо тууралуу жарлык чыгарган. Анда акыркы күндөрдөгү коомдук-саясий кырдаалдын курчуп, борбор калаада жапырт башаламандык күчөп кеткенине байланыштуу шаар аймагына 21-октябрга чейин өзгөчө абал киргизилери тууралуу айтылган. Бишкек комендатурасы түзүлөрү, ага ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев жетекчилик кылары тууралуу жазылган.

Өзгөчө абал учурунда борбор калаанын аймагында спорт, оюн-зоок, митинг, жүрүш жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бишкекке башка аймактан келип, коомдук тартипти бузган жарандар, чет өлкөлүктөр борбор калаадан чыгарылат. Ишкана, мекемелердин иш тартибине өзгөчө режимге ылайыктуу өзгөртүүлөр киргизилет. Автоунаалардын жүрүшүнө чектөө салынат. Эл көп чогулган жерлерде жарандардын документтери текшерилет.

Президенттин жарлыгы Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилген. Регламентке ылайык, парламент жарлыкты үч күндүн ичинде карашы керек. Жогорку Кеңеш президенттин өзгөчө абал тууралуу жарлыгын 10-октябрдагы кезексиз жыйынында караганы жатат.

ИИМ өзгөчө абал режими 10-октябрдан тартып киргизилерин маалымдаган. 4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду жактоочулары барып камактан чыгарышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Андан бери президент элге беш ирет кайрылды, бирок элдин алдына чыга элек.

Бул окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Учурда мыйзам алкагына кайтып келүү максатындагы аракеттер жыйынтык бере элек. Өлкө 6-октябрдан бери саясий кризисте. (ZKo)

XS
SM
MD
LG