Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Дипломаттар партия лидерлерине кайрылуу жолдоду


Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын мурдагы элчилери саясий партиялардын лидерлерине кайрылышты. Алар бүгүнкү күнү өлкөнүн келечеги, туруктуулук маселеси биринчи орунда турганын белгилешти. Кайрылууда:

“Бүт дүйнөлүк коомчулук биздин өлкөдөгү окуяларга көз салып турат. Ошондуктан, партиялар аралык териштирүүлөрдү токтотуп, өлкөдө туруктуулукту орнотуу үчүн конкреттүү кадамдарга өтүүнү сунуштайбыз”, - деп жазылган.

Кайрылууга эгемендик алгандан бери Кыргызстан кызматташып келаткан көптөгөн өлкөлөрдө элчилик ишти аркалап келишкен дипломаттар, ардагерлер-диломаттар кол коюшкан.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду жактоочулары барып камактан чыгарышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Андан бери президент элге беш ирет кайрылды, бирок элдин алдына чыга элек.

Бул окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Учурда мыйзам алкагына кайтып келүү максатындагы аракеттер жыйынтык бере элек. Өлкө 6-октябрдан бери саясий кризисте. (ZKo)

XS
SM
MD
LG