Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

Бозумчак кенинин жумушчулары ишке кайтууну талап кылышууда


Жер үй алтын кени. Иллюстрациялык сүрөт.
Жер үй алтын кени. Иллюстрациялык сүрөт.

Ала-Букадагы Бозымчак алтын кенин иштетип жаткан казакстандык “KAZ mineralz Bozymchak” ишканасынын эмгек жамааты өндүрүштү жандандырып, ишке кайтууну каалап жатат. “Азаттыкка” жиберилген видео кайрылууда кен иштетүүчү ишкананын жумушчулары өлкөдө туруктуулук орнотуп, ишканаларды кайра иштетүүнү талап кылышкан. Тасмада аларга каршы чыгып, кен иштетүүгө нааразылык пикирлерин билдиргендер да бар.

Ала-Бука районундагы алтын кенин иштетүүчү ишкана 6-октябрда ишин убактылуу токтоткон.

6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга кол салынып, өрттөлгөнү кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй алтын кени да бар. Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан. Чаткалдагы Терек-Сай алтын кени 6-октябрдан тартып ишин токтотту. Ишкананын жетекчилигине жергиликтүү элдин бир тобу барып, азыркы кырдаал жөнгө салынгыча кен казууну токтотууну талап кылган, ишкерлер ага макул болду. Терек-Сай алтын кенине түркиялык «Eti bakir» компаниясы 180 миллион доллар инвестиция салып, пайдубалы түптөлгөн. Ала-Букадагы «Full Gold Mining» алтын компаниясы да 6-октябрда ишин убактылуу токтоткон. Иштамберди алтын кенине кытайлык «Full Gold Mining» компаниясы жалпысынан 112 миллион доллар инвестиция салуу милдетин алган.

“Эрнст энд Янг” консалтинг компаниясынын изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандагы тоо-кен тармагындагы салыктын жүгү 17,9% түзөт.

2018-жылы тоо-кен тармагындагы ишканалар 10 млрд. 700 млн. сом, 2017-жылы 9 млрд. 800 млн. сом, 2016-жылы 8 млрд. 600 млн. сом салык төлөшкөн. Тармакта 17 миң киши иш менен камсыз болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG