Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Эксперт Масадыков премьер-министрликке талапкерлиги боюнча маалыматтарды төгүндөдү


Таалатбек Масадыков, эксперт, БУУнун Ооганстандагы миссиясынын мурдагы кызматкери
Таалатбек Масадыков, эксперт, БУУнун Ооганстандагы миссиясынын мурдагы кызматкери

БУУнун Ооганстандагы миссиясынын мурдагы кызматкери, эксперт Таалатбек Масадыков премьер-министрликке өзүнүн талапкерлиги каралып жатканы тууралуу маалыматтарды төгүндөдү. Ал өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн салымын кошууга даяр экенин, бирок азыркыдай кырдаалда өкмөт жетекчилигине баруу ниети жоктугун "Азаттыкка" билдирди:

"Мага да премьерликке талапкер экенсиң деп элден гана угуп жатам. Расмий сунуш түшкөн жок. Эч кандай мансап алалы деген максат жок, биздин каалообуз башка. Мен сунуш болсо да кабыл албайм. Бирок азыркы кыйынчылык кырдаалда стабилдүүлүккө келтирүүгө жардам берүүгө аракет кылам".

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөт куроо маселесин талкуулайт. Буга чейин соцтармактарда премьерликке талапкерлердин бири Таалатбек Масадыков экени айтылып жаткан.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон соң жаралган кризис тереңдеп баратат. 5-октябрда шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрүнүн митинги башаламандык менен аяктап, президенттик администрация жана башка мамлекеттик органдардын имараттарын ээлеп алышкан.

Өлкөдөгү легитимдүү бийлик органы болуп саналган парламент жаңы өкмөттү түзүш үчүн чогула албай жаткан. 9-ноябрга караган түнү президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө абал турукташып, мыйзамдуу бийлик органдары куралган соң кызматын тапшырууга даяр экенин билдирген. Ошол эле күнү Кубатбек Боронов баштаган өкмөт отставкага кеткени жарыяланган. Соңунан Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгын чыгарды. (BkA)

XS
SM
MD
LG