Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:58

Парламент бүгүн кезексиз жыйынга чогулат


Ала-Тоо аянтындагы митинг. 7-октябрь, 2020-жыл.
Ала-Тоо аянтындагы митинг. 7-октябрь, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштагы курамы бүгүн, 10-октябрда кезексиз жыйынга чогулат. Анда президенттин Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгы, спикердин милдетин аткаруучу Мыктыбек Абдылдаевди бекитүү, өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткан талапкерлер каралат.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон соң жаралган кризис тереңдеп баратат. 5-октябрда шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрүнүн митинги башаламандык менен аяктап, президенттик администрация жана башка мамлекеттик органдардын имараттарын митингчилер ээлеп алышкан. Өлкөдөгү легитимдүү бийлик органы болуп саналган парламент жаңы өкмөттү түзүш үчүн чогула албай жаткан.

9-октябрга караган түнү Сооронбай Жээнбеков өлкөдө абал турукташып, мыйзамдуу бийлик органдары куралган соң кызматын тапшырууга даяр экенин билдирген. Ошол эле күнү өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун отставкасын кабыл алып, УКМКнын, Башкы штабдын жетекчилерин кызматтан алуу тууралуу жарлыктарды чыгарган.

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, парламент төрагалыгына Мыктыбек Абдылдаев жана премьер-министрликке талапкер катары толкундоолордон соң абактан чыккан Садыр Жапаров көрсөтүлгөнү кабарланган. Депутаттардын башка бөлүгү бул жыйында кворум болбогонун, чечимдер легитимсиз экенин айтып чыгышкан.

9-октябрда "Республика", "Ата Мекен", "Бир Бол" жана "Реформа" партиялары "Акыркы Үмүт" деген саясий коалицияга биригип, Өмүрбек Бабановду премьерликке көрсөткөн.

Бул күнү үч жерде митинг өтүп, Ала-Тоо аянтында тараптардын ортосунда жаңжал чыккан. Ошол эле кезде президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG