Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

УКМК Равшан Жээнбековду суракка чакырды


Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет саясатчы Равшан Жээнбековду 11-октябрда эртең мененки саат 10:00го күбө катары суракка чакырды. Бул тууралуу саясатчы өзү “Азаттыкка” маалымдады. Ал “массалык башаламандык уюштурду” деп камап коюу ыктымалдыгы бар экенин, бирок “бир да тарапка эч кандай мыйзамсыз иш-аракет жасабаганын” билдирди.

Саясатчы ошондой эле 10-октябрда өткөн парламенттин кезексиз отурумундагы өкмөттү дайындоо тууралуу өз пикирин билдирип:

“Өкмөт башчыны дайындоо бир тараптуу добуш берүү менен өттү. Ага жалаң президент Сооронбай Жээнбековду жактаган депутаттар, башкача айтканда, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” партияларынын талапкерлери гана катышты”, - деди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондордун 5-октябрдагы массалык акциясы башаламандыкка чейин жетип, бир катар администрациялык имараттар тартып алынган. 6-октябрдын түнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаров баштаган саясатчылар менен бирге Равшан Жээнбеков да абактан бошотулган.

Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы кезексиз сессиясында Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка шайланган. Президент бул чечимге кол койгону тууралуу маалымат таратыла элек. Ушул эле күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапташтары жана уулдары менен камакка алынган. (BCh)

XS
SM
MD
LG