Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

Сооронбай Жээнбеков Роза Отунбаева менен жолукканы кабарланды


Сооронбай Жээнбеков жана Роза Отунбаева, 3-сентябрь, 2018-жыл, Чолпон-Ата
Сооронбай Жээнбеков жана Роза Отунбаева, 3-сентябрь, 2018-жыл, Чолпон-Ата

Президент Cооронбай Жээнбеков менен экс-президент Роза Отунбаева жолуккканы кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыктын” ишенимдүү булактары билдиришти. Жекшембиде өткөн жолугушуу жөнүндө 24.kg агенттиги да жазып чыкты. Маалыматка ылайык, жолугушууда алар учурдагы өлкөдөгү абал тууралуу пикир алмашып, саясий кризистен чыгуу үчүн кеңири консенсус табууну сүйлөштү.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир топ саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду жактоочулары камактан чыгарып алышкан.

5-6-октябрдагы окуялардан бери өлкөнү мыйзам талаасына кайтаруу боюнча орток пикир табылбай, саясий кризис өкүм сүрүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мыйзамдуу бийлик калыбына келгенден кийин кызматтан кетерин билдирген.

10-октябрда легитимдүү орган саналган Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткени кабарланган. Бир катар депутаттар, саясатчылар бул жыйындын чечимдери легитимсиз деп, парламенттик жыйынды кайра чакыруу демилгелерин көтөрүп жатышат.

Садыр Жапаров кезексиз жыйындан кийин уюштурган маалымат жыйынында ишке расмий киришкенин жарыялаган. "Мекенчил" партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков "Кворум болду деп Мыктыбек Абдылдаев өзү айтты. Ишеним кат менен кошо 63 киши болду" деп билдирди "Азаттыкка".

XS
SM
MD
LG