Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:35

Вице-спикер Касымалиева: 10-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйыны легитимсиз


Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу расмий маалымат таратып, 10-октябрь күнү “Ала-Арча” резиденциясында өткөн парламенттин кезексиз сессиясын расмий жыйын деп таанууга болбойт деп билдирди. Буга негиз катары депутаттардын Конституцияга ылайык жетиштүү санда чогулбагандыгын жана отурум өткөрүү шарттарынын сакталбаганын келтирди. Касымалиеванын билдирүүсүндө:

“Жыйында кабыл алынган бардык чечимдер юридикалык жактан мыйзамсыз жана легитимсиз. Бул документтерге токтом катары ким кол койсо, анын иши бийликти басып алуу аракетине барабар болот. Ошондуктан, Жогорку Кеңештин Садыр Жапаровду өкмөт башчы кылып шайлоо тууралуу токтому жок, ал парламенттин расмий документи менен бекитилген жок, ошондон улам Кыргызстандын президентинин кароосуна да жиберилген жок. Садыр Жапаровдун бүгүнкү күнү өкмөт башчы катары жүргүзүлүп жаткан бардык аракеттери юридикалык күчкө ээ эмес. Өкмөт башчынын милдетин аткарууну Алмаз Батырбеков улантууда. Мен расмий түрдө бардык өкмөт мүчөлөрүнө өз милдеттерин жаңы өкмөт куралганга чейин аткарууга чакырам”, - деп жазылган.

Касымалиева ушул тапта Жогорку Кеңештин отурумун өткөрүү күнү жана орду боюнча кеңешүүлөр жүрүп жатканын маалымдаган.

Аида Касымалиева парламент төрагасы Дастан Жумабеков кызматынан баш тартканына байланыштуу "расмий түрдө Жогорку Кеңештин төрагалыгы көпчүлүк коалициядан шайланган биринчи вице-спикер катары өзүнө өтөрүн белгилеген".

Касымалиева билдирүүсүндө өлкөдөгү бардык саясий күчтөргө жана элге кайрылып, пандемия коркунучун эске алуу менен коомдук тартипти сактоого, түрдүү чагымчылдык аракеттерге алдырбоого чакырган.

Парламенттин алтынчы чакырылышындагы КСДП фракциясынын депутаты, вице-спикер, жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке шайлоодо "Биримдик" партиясынан талапкер болгон Аида Касымалиева 10-октябрда өткөн премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындаган кезексиз жыйында коркутууга кабылганын билдирип, анда кворум болбогонун айтып чыккан.

10-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду бекиткен. Садыр Жапаров кезексиз жыйындан кийин уюштурган маалымат жыйынында ишке расмий киришкенин жарыялаган. "Мекенчил" партиясынын мүчөсү Мелис Аспеков "Кворум болду деп Мыктыбек Абдылдаев өзү айтты. Ишеним кат менен кошо 63 киши болду" деп билдирди "Азаттыкка".

Буга чейин КСДП фракциясынын дагы бир депутаты Дастан Бекешев "Азаттыкка" кворум болбогонун, жыйында регламент тууралуу мыйзам бузулганын билдирген. Бекешев өзү жыйынга катышкан эмес. (ZKo)

XS
SM
MD
LG