Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Трамп өзүндө коронавируска каршы иммунитет пайда болгонун билдирди


АКШнын президенти Дональд Трамп. 10-октябрь, 2020-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп. 10-октябрь, 2020-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп жекшембиде коронавирустан толук айыкканын жана организминде бул инфекцияга каршы иммунитет пайда болгонун билдирди.

«Менде иммунитет пайда болгондой», - деди Трамп «Fox News» каналына интервью берип жатып.

Ал иммунитет канча убакытка сакталары белгисиз экенин кошумчалады.

Трамп эми «жертөлөдө» жашырынбай эле жүрө аларын кошумчалады. Ал бул сөздөрү менен демократтардан президенттикке ат салышып жаткан Жо Байденге тийишкендей болду. Анткени Байден эпидемиядан улам этият жүрүүгө аргасыз.

Ишембиде президенттин дарыгери Шон Конли алынган анализдер Трамп башкаларга вирусту жайылта албай турганын көрсөткөнүн айткан.

Трамп ишембиде ооруканадан чыккандан кийин алгачкы жолу эл алдына чыкты. Коронавирустун белгилери президентте 1-октябрда пайда болгон. Анализдер ал ушул илдетке чалдыкканын көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG