Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Трамп аялы экөө коронавируска кабылды


Дональд Трамп аялы Мелания менен.
Дональд Трамп аялы Мелания менен.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп аялы Мелания экөө коронавирус жугузуп алды. Ушундан улам алар өздөрүн чектеп карантинге чыгып, алдыдагы иш-чаралардын баары болбой калды.

АКШнын президенти бейшембиде эртең менен анын жардамчысы Хоуп Хикс өпкөнү сезгенткен оору жугузуп алганы белгилүү болгондон кийин тест тапшырган.

Дональд Трамп жубайы менен коронавируска кабылганын жумага караган түнү билдирди. Ал «Твиттердеги» баракчасына: «Бүгүн кечинде АКШнын биринчи айымы менен мен коронавируска тапшырган тестибиз оң чыкты. Биз чукул арада карантинге чыгабыз жана дарылана баштайбыз. Биз мындан бирге чыгабыз!» деп жазды.

Мындан саналуу мүнөттөрдөн кийин эле президенттин дарыгери Шон Конли 74 жаштагы президенттин оорусу жеңил өтүп жатканын билдирди. Ал тараткан билдирүүдө Трамп өз милдетин үзгүлтүксүз аткара берерине үмүттөнүп жатканын айтты.

«Ушул тушта президент менен биринчи айымдын саламаттыгы жакшы. Алар дарыланып жаткан маалда үйдө, Ак үйдө болушат. Ишениңиздер, мен президент милдетин үзгүлтүксүз аткарат деп үмүттөнөм. Мен силерге кабарлап турам», - деди Конли.

Мелания Трамп да түн бир оокумда «Твиттерге» өзүн жакшы эле сезип жатканын, алдыдагы иш-чаралар болбой калганы жазды. АКШнын биринчи айымы жарандарды карантин эрежелерин сактоого чакырды.

Ак үй 2-октябрда Трамптын жаңы иш жадыбалын жарыялаган, анда буга чейин пландалгандай Флоридага барышы кирген эмес.

Добуш берүүгө туура бир ай калганда бир катар сурамжылоолор Трамп негизги саясий атаандашы Байденден бери дегенде тогуз көрсөткүч боюнча артта калганын көрсөттү.

Азырынча Трамп менен аялында оорунун кандай белгилери бар экени белгисиз.

АКШдагы Ооруларды көзөмөлдөө борборунун маалыматына ылайык, адатта коронавирус жуккандан беш күндөн кийин илдеттин белгилери байкала баштайт. Бирок адегенде жугузуп алганда же эки аптадан кийин да байкалышы мүмкүн.

Трамптын оорусунан улам аны такай жандап жүргөн, чогуу иштеген бир катар адамдар да карантинге чыгышы мүмкүн. АКШнын президенти адатта коомчулукка чыкканда, иш учурунда жана расмий жолугушууларда дээрлик беткап тагынбайт жана социалдык аралыкты сактабайт.

Трамп анын кеңешчиси Хоуп Хикс бейшембиде коронавирус жугузуп алганы белгилүү болгондон кийин тест тапшырган. Хикс Трампты соңку бир канча күндөн бери аптадагы бир катар сапарларында коштоп жүргөн.

«Bloomberg» басылмасы Хикс тууралуу биринчи жазып чыккан. Ага ылайык, Трамптын кеңешчиси Миннесота штатында президент менен чогуу жүргөндө эле оорунун белгилери байкалып, өзүн жаман сезе баштаган.

Бирок Трамп ага карабай 1-октябрда шайлоого карата каражат чогултуш үчүн жоон топ адамдан турган командасы менен Нью-Жерси штатына барган.

Трамптын ооруп калганы тууралуу кабар каржы базарын олку-солку кылды. Бир катар байкоочулар бул президенттик шайлоого да таасир этиши мүмкүн экенин айтып жатышат.

Коронавирус менен ооруган жана көз жумган адамдардын саны жагынан АКШ дүйнө жүзүндө алдыңкы орунда турат. Жон Хопкинс университетинин эсебинде, Кошмо Штаттарда өпкөсү сезгенип ооругандар жети миллион кишиден ашып, 208 миңге чукул бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG