Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Өкмөттүн курамы тууралуу Жогорку Кеңештин токтому президенттин кароосуна берилди


Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнүн программасын бекитүү жана түзүмү менен курамын аныктоо тууралуу Жогорку Кеңештин токтому президенттин аппаратына 12-октябрда келип түштү. Бул тууралуу 13-октябрда «Азаттыкка» мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Мыйзам боюнча президент Сооронбай Жээнбеков үч күн ичинде бул токтомго кол коюшу же четке кагышы керек.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда абактан бошонуп чыккан мурдагы депутат Садыр Жапаровду Жогорку Кеңеш эки жолу кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрликке тандаганы кабарланган. Бирок ал жыйындардын мыйзамдуулугу күмөн жаратууда.

Жапаров 10-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Жээнбеков өкмөттү жана премьер-министрди бекитүү процедурасы бүткөндөн кийин 2-3 күн ичинде арыз жазып, кызматтан кетерин билдиргенин айткан болчу. Бул билдирүүгө президенттин басма сөз кызматы «2-3 күн ичинде эмес, кырдаал турукташкандан кийин» деген түзөтүү киргизген.

Садыр Жапаровдун айрым тарапкерлери да Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылышууда. Башка коомдук-саясий күчтөр шайлоо өткүчө анын кызмат ордуна калышын туура көрүп жатышат.

Эл аралык уюмдар Кыргызстандагы мыйзамдуу бийликтин жалгыз өкүлү катары Сооронбай Жээнбековду тааный турганын билдиришүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG