Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Темирлан Султанбеков кыйноого кабылганын билдирүүдө


Темирлан Султанбеков Биринчи май райондук сотунда. 2020-жылдын 12-октябры.
Темирлан Султанбеков Биринчи май райондук сотунда. 2020-жылдын 12-октябры.

«Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү, эки айга камалган Темирлан Султанбеков кармоо учурунда сабалганын жана кыйноого кабылганын билдирди. Ал бул тууралуу 12-октябрда Кыйноого каршы улуттук борбордун мүчөлөрү менен жолугушууда билдирген.

Кыйноого каршы улуттук борбордун сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, Султанбековду Кой-Ташта кармоо учурунда каршылык көрсөтпөгөнүнө карабай, милиция кызматкери тээп жиберген. Ал эми Бишкек ШИИБинин убактылуу камоочу жайына киргизип жатып, кыйноого туш болорун айтып коркутушкан.

Темирлан Султанбеков Бишкектеги акыркы массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрь күнү Кой-Ташта кармалган. Ал 11-октябрдан тартып ачкачылык жарыялаганын 12-октябрда Биринчи май райондук сотуна келгенде да журналисттерге айткан.

12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Султанбековду эки айга камоону чечип, Султанбеков Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган.

Султанбековдун азыркы абалы тууралуу адвокатынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

22 жаштагы Темирлан Султанбеков «Социал-демократтар» партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон тараптардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алышы менен аяктаган. Башаламандык учурунда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана аны менен кошо камалгандардын тарапкерлери аларды абактан бошоткон.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митинг жети адамды жабыркаткан жаңжал менен аяктап, милиция кылмыш ишин козгогон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG