Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Жогорку Кеңештин төрагалыгына Канатбек Исаев шайланды (видео)


Канатбек Исаев.

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынынын жүрүшүндө «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев парламенттин төрагасы болуп шайланды. Жыйынга 60тан ашык депутат түз катышып, андан тышкары он чактысы өз добушун ишеним кат менен берген. Натыйжада 80 депутаттын 78и Исаевдин талапкерлиги үчүн «макул» деген добуш берген.

Добуш берүүдөн кийин Канатбек Исаев сүйлөгөн сөзүндө депутаттарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековду колдой турганын жана өлкөдө туруктуулук камсыз кылууга бардык аракетин жумшай турганын билдирди.

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Абдылдаев бул кызматка дайындалышынын «мыйзамдуулугу шек жаратып жатканы үчүн» 10-октябрдагы кезексиз жыйында баш тартып, милдетти «легитимдүү вице-спикер» деп башкарууну Мирлан Бакировго өткөрүп берген.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты партия Бишкекте митинг өткөргөн. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратка кирип барышкан. Бул окуядан кийин президент ишин улантууда, өкмөттүн жетекчилиги кызматтан кетти. Жаңы өкмөттү дайындоо аракети боюнча орток пикир табыла элек.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG