Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Кулов: Президент жаш жигиттер камалышына каршы


Темирлан Султанбеков Биринчи май райондук сотунда. 2020-жылдын 12-октябры.
Темирлан Султанбеков Биринчи май райондук сотунда. 2020-жылдын 12-октябры.

«Президент Сооронбай Жээнбеков массалык башаламандык уюштурган деген себеп менен жаш жигиттер кармалып жатканына ачууланып, Темирлан Султанбековду жана башка жаш жигиттерди бошотууну буйруганы тууралуу маалыматтарды мага президенттин жанындагы ишенимдүү адамдар айтышты». Мурдагы премьер-министр, «Ар-Намыс» саясий партиясынын лидери, коомдук ишмер Феликс Кулов «Азаттыкка» ушундай маалымат берди. Кулов маалымат булактары калп айтпай турганын белгиледи:

«Мен президентти жакшы билем. Ал жаш жигиттердин массалык башаламандык үчүн камалышына каршы. Ошондуктан «ал ачууланып, «кармалгандарды кайра чыгаргыла» деп талап койду» деген маалыматка да ишенем. Кайрадан сот аркылуу бөгөт чарасы каралышы ыктымал», - деди Кулов.

Бул маалыматты президенттик аппарат ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Бишкектеги акыркы массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрь күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир нече киши кармалган. Алардын арасында «Социал-демократтар» партиясынын 22 жаштагы талапкери Темирлан Султанбеков да бар.

12-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Султанбековду эки айга камоону чечип, Султанбеков Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон тараптар митингге чыгыып, айрымдары 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алышкан. Башаламандык учурунда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандардын тарапкерлери аларды абактан бошоткон.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митинг жети адамды жабыркаткан жаңжал менен аяктап, милиция кылмыш ишин козгогон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG