Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:10

БУУнун атайын өкүлү Кыргызстанга келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү Наталья Герман 15-октябрда Бишкекке келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Атайын өкүл сапарында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп, өлкөдөгү акыркы коомдук-саясий кырдаалды талкуулайт.

Наталья Герман Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) президент Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандагы конституциялык бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп эсептей турганын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен 12-октябрда телефон аркылуу сүйлөшүүдө билдирген. Бул тууралуу министрликтин сайты жазган.

Буга чейин БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кылдат көз салып жатканын белгилеп, кризистен чыгуу жолдорун табууга, жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүгө жана экономиканы тезинен турукташтырууга жардам берүүгө даярдыгын билдирген.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттин жыйынтыгына нааразылык митингинен кийин өлкөдө башаламандык болуп, саясий кризис орноп турат.

Мөөнөтү аяктап бараткан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын бир бөлүгү 6-октябрдагы жана 10-октябрдагы кезексиз жыйындары Садыр Жапаровду премьер министр катары таанып, өкмөттүн курамын, түзүмүн бекиткен. Муну коомдук-саясий чөйрөнүн бир бөлүгү мыйзамсыз деп, Садыр Жапаровдун тарапкерлери легитимдүү деп жаткан.

Акыркы маалымат боюнча президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекиткен Жогорку Кеңештин токтомун 13-октябрда артка кайтарды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG