Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Жапаров: Президентке жолугам, маселени чечебиз (видео)


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Бүгүн Өкмөт Үйүнүн алдында акцияга чыккандардын президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетиши тууралуу талаптары мамлекет башчынын өзү менен талкууланат. Бул тууралуу 14-октябрда премьер-министр болуп бекитилген Садыр Жапаров журналисттердин «Сиз тарапташтарыңыздын президенттин кызматтан кетиши боюнча талабын колдойсузбу?» деген суроосуна жооп берип жатып төмөнкүлөрдү айтты:

“Тарапташтарымды мен чакырган жокмун. Алар менин эле тарапташтарым эмес. Бүткүл кыргызстандыктар деп билсеңиздер болот. Бүткүл кыргызстандыктардын талабы – президент кетсин, шайлоо жокко чыксын деп келип жатышат. Анан, үчүнчү талабы – Садыр Жапаровду отургузуп келели деген талап менен чыгышкан. Мен азыр бул жерден чыгып, президентке жолугам сүйлөшөм. Бул маселени чечебиз. Бүгүн аягына чыгарабыз. Өлкөдө туруктуулук болушу керек. Эл тынч жашашы керек. Экономикабыз ылдый түшүп кетпеши керек. Менин оюмча, эң биринчи келишимге келишибиз керек. Мындан ары стабилдүүлук болуш керек. Чечебиз бул маселени”.

Мурдагы депутат, 6-октябрда тарапташтары түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров бүгүн премьер-министр болуп дайындалды. Буга чейин ал президент менен жолукканын, Жээнбеков абал турукташса кызматтан кетүүгө даяр экенин билдиргенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG