Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Жапаров: «Матраимов Кыргызстандан чыгып кеткен» деген маалымат бар (видео)


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

«Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстандан чыгып кеткен» деген маалымат бар. Бул тууралуу 14-октябрда «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып премьер-министр Садыр Жапаров билдирди:

«Матраимов боюнча менде маалымат жок. Такталбаган маалымат боюнча, «ал өлкөдөн чыгып кетти» деп жатышат. «Эртеси эле күнү чыгып кетти» деп мага маалымат беришкен. Мен билбейм. Аны Мамлекеттик чек ара кызматы билиши керек. «Расмий эмес, мындай чыгып кеткен» деп жатышат».

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңгени БШКнын баштапкы маалыматында жарыяланган төрт партиянын ичинен экинчи орунга чыккан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы Матраимовдордун колдоосу менен шайлоого барганы белгилүү. (RK)

XS
SM
MD
LG