Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:21

«Ысык-Көл» мейманканасынын, өкмөт үйүнүн алдында эки митинг өтүп жатат


«Ысык-Көл» мейманканасынын алдына чогулгандар. Бишкек шаары. 14-октябрь, 2020-жыл.
«Ысык-Көл» мейманканасынын алдына чогулгандар. Бишкек шаары. 14-октябрь, 2020-жыл.

Бүгүн, 14-октябрь күнү түштөн кийин Бишкектеги «Ысык-Көл» мейманканасынын жанында чогулгандар митинг өткөрүп, анда легитимдүү бийликти колдоо үчүн келишкенин билдиришти. Чогулгандар президент Сооронбай Жээнбековду легитимдүү мамлекет башчы, ал эми Садыр Жапаровду өкмөт башчы катары колдой турганын айтып жатышат.

14-октябрда Өкмөт жайгашкан имараттын алдында кайрадан чогулган Садыр Жапаровдун тарапташтары президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылышты.

Бишкек комендатурасы кырдаал көзөмөлдө экенин билдирүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбековдун экинчи жарлыгы менен 12-октябрдан 19-октябрга чейин Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизилген. Анын талаптарына ылайык шаарда массалык иш-чараларды, пикет-митингдерди өткөрүүгө тыюу салынган.

Мурдагы депутат, 6-октябрда тарапташтары түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров бүгүн, 14-октябрда премьер-министр болуп дайындалды. Буга чейин ал президент менен жолукканын, Жээнбеков абал турукташса кызматтан кетүүгө даяр экенин билдиргенин айткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG